Эне-десе Энекемди сагындым.
Эчак эле өзум ата болсом да.
Өмүрүнү узун кыл деп уктарда.
Жаратканга дуа кылып жалындым.
***
Эне-десе..балам уйдө апасын.
Эстеп мен да өз Энемди сагынам.
Көрсө ушул жалган жашоо дуйнодо.
Эне-деген бийик экен баарынан.
Өзүңсүз ...
Өзүңсүз көрксүз болуп шаар таңы.
Өзүңсүз үй да эски..салган жаңы.
Өзүңсүз жылуулугу муздай болуп.
Төшөк да тар сыяктуу жайылганы.
* * *
Өзүңсүз тамактын да даамы жоктой.
Өзүңсүз саат жылбайт токтой токтой.
Өзүңсүз таң атканда тамак ичпей.
Көчөгө чыгып кетем аткан октой.
* * *
Өзүңсүз эч кимге эч жакпай жүрөм.
Өзүңсүз ай ааламга батпай жүрөм.
Өзүңсүз..кайра келип кеч киргенде.
Уктоочу бөлмөбүзгө жатпай жүрөм!